Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Ошондой эле калк арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди

Ош шаарында коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Мындай тапшырма Ош шаардык мэриясында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында тиешелүү органдарга жана мекемелерге берилди.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында «Ош шаарында 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө» министрлер кабинетинин тиешелүү буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тиешелүү маалыматтарды беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында калк арасында, анын ичинде жаштар арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча да тапшырма берилди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх