Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде салык кызматкерлери конфискацияланган унааларды мыйзамсыз пайдаланып келишкен

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин 8 унаа ГАУГИге өткөрүлүп берилди

Баткен облусунда салык кызматкерлери мамлекеттин кирешесине конфискацияланган автоунааларды мыйзамсыз пайдаланышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда Баткен облусунун сот аткаруучуларынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында сот органдары тарабынан 2022-жылы мамлекеттин пайдасына конфискацияланган 8 автоунаа өз убагында мамлекеттин менчигине өткөрүлбөгөнү белгилүү болду. Аталган унааларга Мамлекеттик салык кызматынын Баткен облусу жана Баткен шаары боюнча башкармалыктары мыйзамсыз ээлик кылып келишкен.

Мыйзам бузууларды четтетүү максатында областтык прокуратура тарабынан прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Актынын кароосунун жыйынтыгы менен 4 млн 124 миң сомдук сегиз автоунаа Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп, мамлекеттин менчигине кабыл алынды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх