Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ата-энелерди бала бакчалардагы тамак-ашка төлөөгө милдеттендирген норма четке кагылды

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети ата-энелерди бала бакчалардагы тамак-ашка толук төлөп берүүгө милдеттендирген норманы четке кагууну сунуштаган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жарандардын мектепке чейинки билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашты ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) гана төлөй турган ченемди алып салуу болуп саналат.

Ошентип, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесин күчүн жоготту деп табуу сунушталууда. Мыйзам долбоору мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамак-аш менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү карайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх