Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көзү ачыктарды жана төлгөчүлөрдү жарнамалоого тыюу салынат

Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Жарнак жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламенттин 25 депутаты.

Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүү максатында кандайдыр бир оккульттук, магиялык жана башка ишенимсиз ыкмалар менен айрым көйгөйлөрдү өз кызыкчылыгы үчүн чечүү жолдорун сунуштаган манипуляцияларды болтурбоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда маалымат мейкиндигинде төлгөчүлөр менен көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх