Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы теракттан кийин дээрлик 70 кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынган

Айрымдары кара тизмеде болсо, айрымдары Россия Федерациясына биринчи жолу келген, бирок алар өлкөдөн чыгарылган

Крокус Сити Холлдун концерттик залында болгон теракттан кийин Кыргызстандын 69 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, Москвага учуп келген кыргызстандыктардын айрымдары кара тизмеде болсо, айрымдары Орусияга биринчи жолу учуп, бирок өлкөдөн чыгарылган.

"Орусиянын укук коргоо органдары алардын ою боюнча шектүү көрүнгөн чет элдиктерди өлкөгө киргизбей коюуга укугу бар", — деди Имангазиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Москвага учуп келген Кыргызстандын ондогон жараны Домодедово аэропортунда кармалып калганы тууралуу маалымат чыккан. Аларды эки күн аэропорттон чыгарбай, анан мекенине жөнөтүшкөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх