Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопавловка айылында үч күн газ болбойт

Жаңы абоненттер кошулат

Новопавловка айылында үч күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаздан» билдиришти.

Ошентип, 3-5-апрель күндөрү жаңы абоненттерди газга кошуу боюнча өндүрүштүк иштер пландалууда.

Буга байланыштуу Абаканская, Сарыкулакова көчөлөрү, Красноводский тилкеси, Алыкулов, Камчатская көчөлөрү, Дэн Сяопин проспектиси, Фрунзе, Киров, Ворошилов көчөлөрү менен чектелген аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх