Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги жана Биринчи айымдын фонду муктаждарга бут кийим жана кийим-кече тапшырды

Айрымдар дароо кийип алган спорттук бут кийимдер өзгөчө кубаныч тартуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова жетектеген “Эне – балага тирек” коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районунун 1 100дөн ашык баласына кийим-кече жана бут кийим тапшырды.

Мекемеден билдиришкендей, жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти.

Айрымдар дароо кийип алган спорттук бут кийимдер өзгөчө кубаныч тартуулады.

Буга чейин да бут кийим түрүндө мындай жардамды Министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт.

Өз убагында жардам көрсөтүү интернаттардын кызмат алуучуларына ыңгайлуу жашоого, спорт менен машыгууга жана жөө сейилдөөгө мүмкүндүк берет.