Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Арстанбап» жана «Арстанбап-Ата» пансионаттары мамлекетке өткөрүлдү - Туманбаев

"Аларга жаңы жашоо берилет."

Арстанбап жана Арстанбап-Ата пансионаттары мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, өлкө президентинин атынан туристтик жайларга «жаңы жашоо берилет».

«Профсоюздар федерациясына тиешелүү бардык эс алуу үйлөрү талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия – инвесторлорду тартуу менен же өзүбүздүн күчүбүз менен бул объектилерди реконструкциялоо, эффективдүү иштеши үчүн аларды иштөө абалына келтирүү», — деп жазды Туманбаев.


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх