Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 7-апрелде велосезондун ачылышы болот

Кээ бир жолдордун бөлүктөрү жабылат

Бишкекте 7-апрелде веложарыштардын мезгилинин ачылышы болорун борбор калаанын мэриясы билдирди.

Веложүрүш Ден соолук паркында саат 10.00дө башталат. Каттоо саат 09.00дөн 09.45ке чейин жүргүзүлөт. Катышуучулар жарышты «Ала-Тоо» аянтында жыйынтыкташат.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары – мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча бөлүмү жана ОО «Вело friends позитив kg» коомдук уюму.

Белгиленгендей, жолдор бөлүгү төмөндөгү схемага ылайык жабылат.

 

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх