Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жаңы имаратка көчтү
Консулдук маселелер боюнча кыргызстандыктар эми жаңы дарекке кайрылуусу керек
1-апрелден тарта Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу жаңы даректе жайгашкан: ст. Набережная реки Фонтанки, 50. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча консулдук-укуктук жардам алып, документтерин бере алышат.
Ишеним телефондору: +7 962 688 25 06; +7 929 128 05 08; +7 929 157 05 08; + 7 812 418 24 22.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз