Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эпидемиологдор кызамыкты башка оорулардан кантип айырмалоо керектигин айтып беришти

Бул инфекция татаалдануу менен коркунучтуу

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкты башка оорулардан кантип айырмалоо керектигин айтып берди.

Эпидемиологдор жарандарды денесиндеги симптомдорго көңүл буруп, дароо дарыгерге кайрылууну суранат.

Борбордон белгилешкендей, кызамык адегенде дем алуу жолдорун жабыркатып, андан кийин жалпы организмге жайылат. Оорунун белгилери: оорулуунун дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, мурдунан суу агат жана денеге исиркектер жайылат.

Оору сасык тумоого мүнөздүү белгилер менен башталат. Оорулуунун дене табынын көтөрүлүшү – эң айкын белги.

Адам вирусту жуктургандан кийин болжол менен 7-18 күндөн кийин денесинде исиркек пайда болот, адатта, бетке жана моюнга чыгат. Ал болжол менен 3 күндүн ичинде жайылып, акыры кол-бутка жайылат. 5-6 күндөн кийин исиркектин түсү кубарып отуруп, жоголо баштайт.

Кызамык оорусунан улам өлүмдү бул вирус жетелей келген кесепеттер шарттайт.

Кызамык өтүшүп кетсе, сокурдукка, энцефалитке (мээнин шишишине жана өнүгүүсүн бузууга алып келүүчү инфекция), катуу диареяга алып келиши ыктымал, себеби ооруган адамдын каны катып, кулагын инфекция чалып, пневмония күчөп, дем ала албай кыйналат.

Эмдөө кызамыктын оор кесепеттеринен коргойт!

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх