Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйылкы жылдан баштап томолой жетим балдарга 500 миң сомдон бөлүнөт

Жетим балдар үчүн банктык депозиттик эсептер ачылат

Кыргызстанда быйыл жетим балдарга 500 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, каражат, банктардагы депозиттик эсептерде сакталып, 18 жашка толгондон кийин алуучуларга берилет.

Жапаров белгилегендей, өлкөдө 1868 томолой жетим бала бар.

«Балдар үйүндөгү балдар 18 жаштан кийин кароосуз калып, көбү уурулук, сойкулук жана башка кылмыштарды жасай башташат. Буга чейин мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Бирок азыр өлкөнүн экономикасы оңолду, мамлекет бекемделди, эми калктын муктаж катмарына көңүл бурулат», - деп белгиледи чиновник.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх