Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи класска кабыл алуу үчүн ар кандай акча чогултуулар жана экзамендер болбошу керек

«Антпесе, күнөөлүүлөрдүн баары жазаланат», - деди Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары

Биринчи класска киргенде балдар эч кандай экзамен тапшырышпайт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.

Аткаминер мектеп жетекчилерине балдарды 1-класска кабыл алууда эч кандай экзамен же тест болбошу керектигин эскертти.

«Биринчи класска кабыл алууда балдар эч кандай тест, сынак тапшырышпайт. Мен өлкөнүн мектептеринин жетекчилигине 1-класска окуучуларды кабыл алууда эч кандай экзамендерди уюштурбоого чакырам. Мындай болбошу керек. Болбосо бардык тиешеси барлар жазаланат», - деди Касымалиев.

Өз кезегинде мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Кусеинова балдарды 1-класска кабыл алууда эч кандай акча төлөөнүн зарылдыгы жок экенин белгиледи.

«Балдар мектептерге бекер кабыл алынат. Эч кандай жыйымдар болбошу керек. Мындай фактылар болсо райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, Билим берүү министрлигине кайрылуу керек же ишеним телефонуна чалып коюу керек. Опузалап акча талап кылгандар жазаланат», - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-апрелден тарта балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн документтерди онлайн кабыл алуу башталат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх