Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

3 жылда 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттыкты сактоо объектилери курулду

Министрлер кабинетинин башчысы: “Быйыл Чүй облусуна да көңүл бурулат”

Курулуштун көлөмү үч жылдын ичинде кескин өстү. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

«Тактап айтканда, социалдык объектилердин курулушун колго алдык. Уч жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттыкты сактоо объектилери курулду. 125 айылда таза суу маселеси чечилди. Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин 140 билим берүү объектисинин курулушу аяктаган. Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди. 3 жылдын ичинде Ош облусунда 113 объект, анын ичинде 73 мектеп жана бала бакчалар курулган. Жалал-Абад облусунда 66 объект (38 мектеп), Баткен облусунда 67 социалдык объект курулду», - деди чиновник.

Ал кошумчалагандай, быйыл бийлик Чүй облусуна басым жасайт.

«Өткөн жылы калк жыш жайгашкан Чүй облусунда 15 гана мектеп курулган», - деди Жапаров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх