Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги 196,3 миллион сомдук тарыхый имарат мамлекетке кайтарылды

Буга чейин жер тилкеси жана эки кабаттуу имарат жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

Бишкекте тарыхый-маданий мурас объектиси жана 196,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,25 гектар жер тилкеси жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болуп саналган эки кабаттуу имарат мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.

1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Фрунзе – Логвиненко кесилишиндеги гимнастика имараты Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин карамагына өткөн.

 

 

«Аныкталгандай, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. жеке кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык схеманы уюштуруп, анын негизинде жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, жеке компания тарабынан менчиктештирилген», — деп билдирди УКМК.

Мүлктүн жалпы баасы 196 миллион 302 миң сомду түзөт.

Учурда жер тилкеси жана имараты муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх