Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо төрөт учурунда 18 жаштагы келин каза болуп, жаңы төрөлгөн ымыркай 2 жумадан кийин чарчап калды

Төрөт учурундагы кырсыкка келиндин жакындары дарыгерлерди күнөөлөшүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп айылынын 18 жаштагы тургуну төрөт учурунда каза болуп, 13 күндөн кийин жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калды, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматты Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан тастыкташты.

Төрөт учурундагы аялдын жакындары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылышты. Алардын айтымында, кыз кош бойлуу болуп каттоого турганда анализдери жакшы болгон. Бирок дарыгерлер келечекте болочок эненин ден соолугуна таасир этиши мүмкүн болгон төрөттүн кесепеттери тууралуу өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес. Туугандары да Түп райондук төрөт бөлүмүнүн Н.М. дарыгеринин орой мамилесине нааразы болушууда. Алардын айтымында, төрөт учурундагы аялды эки саат кармап, андан соң диклофенак уколун сайышкан. Андан соң тез жардам кызматы менен Караколдун төрөт үйүнө жөнөтүлгөн. Ал жерден толгоочу келин 24-мартта, баласы 4-апрелде каза болгон.

Түп райондук жалпы дарыгерлик практика борбору окуя боюнча гистологиялык экспертиза дайындалганын билдирди.

«Бейтап бизге 23-март күнү саат 14.00 чамасында кош бойлуулуктун 30-31-жумаларында оор абалда, башы ооруп, дене табы 39,5ке чейин көтөрүлгөнүнө арызданып келип түшкөн. Директордун орун басары менен гинеколог текшерүү жүргүзүп, анализ тапшыртышкан. Температура төмөндөбөгөндүгүно байланыштуу парацетамол берилген. Бирок ал ичпей түкүрүп салган. Температурасын түшүрүү максатында ага диклофенак берилип, андан соң тез жардам унаасы менен Караколго жеткирилген. Бизде физиологиялык гана төрөт жүргүзүлүп, оор абалдагы аялдар облустук төрөт үйүнө жөнөтүлөт. Анын абалы оор болгондуктан облустук төрөт үйүнө жөнөтүлгөн», - деди оорукананын директору Канат Муканбетов билдирди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх