Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окушат

Алар расмий түрдө жумушсуз катары катталып, окууга жолдомо алышты

Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окушат. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинде билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, памирлик кыргыздар 8-апрелден тарта Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы No67 кесиптик лицейинде электр жана газ менен ширетүүчү, айдоочу жана тигүүчүлүк кесиптерин үйрөнүшөт.

Кесиптик лицейдин жетекчилиги жана өндүрүштүк окуу мастерлери Ооганстандан көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түзүштү.

 

Лицейдин жетекчилиги Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ишке орноштуруу бөлүмүнө кат жолдоп, натыйжада памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кошулуп, №67 кесиптик лицейге окууга жөнөтүлгөн.

Фото: Билим берүү министрлиги

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх