Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кийинки жумада дүйшөмбү жумуш күнү, шаршемби эс алуу күнү болот

8-апрель дем алыш керек болчу, бирок 22-мартка иштейбиз

Шаршемби, 10-апрель эс алуу күнү болуп, өлкөдө Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги эскертти.

Башкармалык ошондой эле дүйшөмбү, 8-апрель иш күнү болорун белгиледи. Бул дем алыш күн болушу керек болчу, анткени майрам күн дем алыш күндөрүнө (ишемби, жекшемби) туура келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. 7-апрелде Кыргызстанда Элдик Апрель революциясы күнү белгиленет.

«Беш күндүк иш жумасынын графиги менен иштеген кызматкерлер үчүн 22-март (жума) белгиленген дем алыш күндүн ордуна 8-апрель (дүйшөмбү) иш күнү болуп саналат», - деп айтылат Эмгек министрлиги.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх