Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда кыргызстандык кыз жергиликтүү шайлоодо жеңип чыкты (видео)

Ал Каракузулу айылынын башчысы болуп калды

Кыргызстандан Түркияга 10 жыл мурун келген Анастасия Метин жергиликтүү шайлоодо жеңишке жетип, Сивас провинциясынын Каракузулу айылынын башчысы (мухтар) болгонун ММКлар жазып чыгышты.

Анастасия болочок күйөөсү менен Кыргызстанда иштеп жүргөндө таанышкан. Жубайлар баш кошууну чечип, Дивриг районунун Каракузулу айылында жашай башташкан.

Анастасия ветеринардык факультетти аяктагандан кийин бир топ убакыт малчы болуп иштеп, айылдаштарынын өтүнүчү менен аксакалдыкка талапкер болгон. 15 кожолук жана 30 шайлоочу бар айылда башчылык үчүн үч адам ат салышты, алардын экөө аял.

Добуш берген 22 добуштун 11и менен Анастасия Метин шаар башчы болуп шайланды, мурдагы башчынын жубайы Гүлхан Коркмаз 3 добуш, дагы бир талапкер Байрам Коркмаз 7 добуш алган.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх