Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров борбор калаа көчөлөрүн кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин башчысына эки көчөнү ачуу долбоору тааныштырылды

Мекемеден билдиришкендей, Акылбек Жапаров Бишкектин бир катар көчөлөрүн кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысына А.Бакаев көчөсүн темир жол боюндагы Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Товарная көчөсүнө чейин темир жолдун аркы өйүзүнө куруу долбоору сунушталды.

Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо акыркы мезгилде борбор калаанын аймагынын кеңейип баратканын жана автоунаалардын жыл сайын көбөйүп баратканын эске алуу керектигин белгиледи.

 

Мындан тышкары, ал муниципалитеттин карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх