Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жоогазындар гүлдөдү - сүрөт

Борбор калаанын мэриясы таң калтырган сүрөттөр менен бөлүштү

Бишкекте жоогазын гүлдөй баштаганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Күзүндө «Бишкекзеленстрой» ишканасынын кызматкерлери 170 миң жоогазын көчөттөрүн отургузушкан.

Жакында алар Курманжан датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясынын жанында, Түштүк магистралда, Жумабек жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөт, Театр жана Эмгек даңкы аянттарында, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Дубовый, Ынтымак, Победа жана Карагачева роща сейил бактарында, ошондой эле Жаштар аллеясында да ачылышат .

Кызгалдактар гүлдөп бүткөндөн кийин, көчөттөрдү кайра казып, кургатып, кийинки күздө гүлзарларга отургузушат.

  


Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх