Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында 13 камсыз болгон үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн сертификаттар тапшырылды

Алар “Татыктуу Жашоо” долбоорунун катышуучулары болушту

Ош шаарында 13 камсыз болгон үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын бардыгы гендердик стереотиптерди жана дискриминацияны жок кылууга, жүрүм-турумду өзгөртүү жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу үй-бүлө деңгээлинде гендердик зомбулукту кыскартууга багытталган «Татыктуу Жашоо» долбоорунун катышуучулары болушту.

Бул долбоорду Ош шаарынын мэриясы “ДИА” коомдук фонду, “Alert International” уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырууда.

«Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тренингдерди аяктагандан кийин киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн чакан грант алуу боюнча бизнес-пландарды иштеп чыгышты», - деп белгилешти мэриядан.

 

Сүрөт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх