Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кара-Дарыя менен Сүйүмбаев көчөлөрүн бириктирген жол курула баштады

Жол Аламудун суусунун жээгин бойлото курулат

2024-жылы Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бириктирген үч жаңы магистрал пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу бириктирет.

Бул жолдун курулушу бир күн мурун башталганын борбор калаанын мэриясы билдирди.

Белгилей кетсек, жол Аламүдүн дарыясынын жээгине курулат. Ошентип, учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүрова көчөсү менен ылдый карай уланып, Медерова көчөсү темир жол аркылуу Л.Толстой көчөсүнө алып чыгып, А.Сүйүмбаев көчөсүнө кошулат.

Жолдун узундугу 1,4 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында сугат системасы, жөө жүрүү жолу бар болот.

Ошентип, жаңы жол 2024-жылы пайдаланууга берилип, 7-апрель көчөсүнө, Ю.Абдрахманова көчөсүнө жана Ч.Айтматов проспектисине альтернатива болуп калат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх