Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдардын угуу органдарына комплекстүү операциялар жасалды

Операциялар казакстандык отохирург менен биргеликте жасалган

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР дарыгерлери Казакстандан келген отохирург, профессор Айгүл Медеулова менен биргеликте балдардын угуу органдарына уникалдуу операцияларды жасашты.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, комплекстүү жана тубаса патологиясы бар жалпы жети балага операция жасалган. Тимпанопластика боюнча операциялар, тубаса холеостотомияны алып салуу, ортоңку баш сөөктүн дураль кемтигин сөөк мому менен жабуу жана тимпанопластика менен ортоңку кулакка санитардык тазалоо операциялары жасалды.

 

Операциялардан кийинки балдардын абалы туруктуу жана алар чыгарууга даярданууда.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх