Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаанын мэриясы убактылуу кармоочу жайга бир күндө канча унаа алынып келингенин билдирди

Айдоочулар унааларын туура эмес токтотушкан

Бишкекте бир күндө мыйзамсыз токтотулган 64 унаа убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Тартип бузгандар унаасын алып кетүү үчүн 2,3 миң сом төлөшү керек. Анын ичинде унаа токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 1000 сом жана эвакуатордун кызматы үчүн 1300 сом өлчөмүндө айып салынат.

Дагы 10 айдоочуга жеринде айып пул салынды.

Муниципалитет тартип бузгандарды аныктоо боюнча рейддер милиция кызматкерлери менен биргеликте байма-бай жүргүзүлүп жатканын эскертти. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаалардын жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынганын эске салышты.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх