Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ысык суу качан жана канча убакытка өчүрүлөөрү белгилүү болду

Бир айдан ашык убакыт ысык суу жок болот

Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаадагы ТЭЦтин жетекчиси Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, алар 1-июндан тарта ысык суу берүүнү баштоону пландап жатышат.

Белгилей кетсек, Бишкекте адатта суу бир айга өчүрүлөт, бирок буга чейин Энергетика министрлиги быйыл борбор калаанын ТЭЦин жана жылуулук тармактарын толугу менен өчүрүү менен масштабдуу иштерди жүргүзүү пландалып жатканын, ошондуктан сууну узак мөөнөткө өчүрүү мүмкүн экенин билдирген.
Оңдоо иштери узакка созулушу мүмкүн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх