Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокенде суу насосун капиталдык оңдоодо 4,7 миллион сомдук зыян келтирилген.

Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун КР Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тиешелүү капиталдык оңдоо долбоорун иштеп чыкпастан, Кең-Сай участкасындагы суу насосун капиталдык оңдоого тендер жарыялашканы аныкталган.

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар, ошондой эле квалификациялык талаптарга жооп бербеген «Э.Б.А.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ЖЧКга сметада көрсөтүлгөн диаметри 215 мм болгон полиэтилен түтүктөрдүн жана 1Д 200-9-Т үлгүсүндөгү насостун ордуна 219 мм диаметрдеги узак убакыт сакталган темир түтүктөр орнотулуп, жана мурда иштеп келген TsSN 300/180 насосу орнотулган.

Жыйынтыгында айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери иштебей турган объектини баланска кабыл алышкан.

Техникалык корутунду боюнча 4 миллион 719 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Бул фактынын негизинде прокуратура тарабынан Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Ноокен РИИБге жөнөтүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх