Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 8 жаштагы кыздын мээсинен бир түйүн чач алынды

Чачтын тамыры мээнин карынчасында болгон

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө дарыгерлер 8 жаштагы кыздын баш мээсине уникалдуу операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Операцияга академик, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

Жалал-Абад облусунда жашаган 8 жаштагы окуучу кыздын баш мээсинин 4-карынчасынын түбүндө масса бар деген диагноз коюлган.

«Тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын мазмуну баланын ооруканага жаткырылганга чейинки бүткүл өмүрү бою өскөн бир түйүн чач болгон. Чачтын аталган карынчанын түбүндө тамыры болгон жана жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушуна байланыштуу болушу мүмкүн. Чачтын өсүшү бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирет», - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

 

 

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх