Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлигинин кийлигишүүсүнөн кийин жумушчуларга 15,4 миллион сом мөөнөтү өтүп кеткен эмгек акысы төлөндү

Жыл башынан бери эмгек мыйзамдарын бузган 316 факты аныкталган

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 1-кварталда 15,4 миллион сом өлчөмүндө мөөнөтүнөн өткөн эмгек акыны төлөттүрүүгө жетишти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы жыл башынан бери кызматкерлердин арызынын негизинде 266 текшерүү жүргүзгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

«Эмгек мыйзамдарын, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча 316 бузуу фактысы аныкталган. Инспекторлордун кийлигишүүсүнүн аркасында иш берүүчүлөр жумушчуларга 15 млн 443 миң 421 сом өлчөмүндө мөөнөтүнөн кечиктирилген эмгек акысын төлөп беришкен», - деп билдирди башкармалык.

Эмгек министрлиги ар бир кызматкер эмгек мыйзамдарынын сакталышы, орун алган мыйзам бузууларды жоюу жана эмгек укуктарын калыбына келтирүү маселелери боюнча кызматка 0312312562 телефону аркылуу кайрылса болорун эскертти.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх