Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөндө стадион менен сейил бактын аймагына эки чайкана мыйзамсыз курулган

42,4 миллион сомдук объектилер мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Өзгөн шаарында Н. Азнабакиев атындагы борбордук стадиондун жана сейил бактын аймагындагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2003-2005-жылдары борбордук стадиондун аймагынан жана Н.Азнабакиев атындагы сейил бактан убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп, кийин ал жерге эки чайкана курулганы аныкталган.

Объекттердин рыноктук баасы 42 миллион 407 миң сомго бааланган.

«Жердин жана чайкананын ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары аталган объектилерди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди», - деп айтылат маалыматта.

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх