Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы мектеп окуучусу табылды

Милицияга баланын апасы 9-апрелде кайрылган

Бишкекте мурда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

9-апрелде мектеп окуучусунун апасы милицияга кайрылган. Ал ошол күнү уулу Аламүдүн-1 кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин билдирген.

Аталган факт Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, издөө-иликтөө иш-чаралары башталды.

11-апрелде бала Свердлов районунан аман-эсен табылган. Ата-энелер жана окуучу менен профилактикалык баарлашуу өткөрүлдү.

 

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда, деп кошумчалады ОИИБ.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх