Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузуу боюнча мэрия - «Мыйзам чегинде чечебиз»

Буга чейин депутат сейил бактагы үйлөр бузулбай турганын билдирген

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “шаардагы Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт” деген маалыматтарга комментарий берди.

Мэриянын маалыматы боюнча, мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Ал токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирди. Шаар бийлиги паркка курулган турак жайлар сүрдүрүлөбү же жокпу, так маалымат берген жок.

«Социалдык тармактарда Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагындагы объектилер бузулбайт деген маалыматтар тарап жатат. Бирок, парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлк объектилерин тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын белгилейбиз», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев Ататүрк сейил багындагы үйлөр бузулбай турганын билдирген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх