Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов СИЗОго киргизилди

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов СИЗОго киргизилди. Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Маалым болгондой, КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган. Сазыкуловго карата бир айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 2024-жылдын 11-майына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерге колдоо көрсөткөнү үчүн кармалганын билдирген. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх