Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шереметьево аэропортунда 20 кыргызстандык кармалып жатышат

Аларды Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча элчилик иштеп жатат

Москвадагы Шереметьево аэропортунун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20дай кыргызстандык бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, кыргызстандыктар тамак-ашын уюштуруу маселеси боюнча элчиликтин ишеним телефонуна кайрылып, тез арада маселе чечилген.

«Элчиликтин кызматкерлери КР жарандары менен байланышта жана аларды Кыргызстанга кийинки каттамдар менен жөнөтүү маселеси каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын 40ка жакын жараны да Шереметьево аэропортунда бир нече күн кармалып турган. Андан соң Тышкы иштер министрлиги аларга ар кандай себептерден улам Орусияга кирүүгө тыюу салынганын кабарлаган. Андан соң кыргызстандыктар мекенине жөнөтүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх