Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жол кырсыгынын көбөйүшүнө байланыштуу 100дөн ашуун чет элдик студенттер жеткирүү кызматынан бошотулду

Скутер жана мотоциклдердин катышуусундагы кырсыктардын саны өстү

Бишкекте скутер жана мотоциклдер менен жеткирүү кызматында иштеген чет элдик студенттердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы чет элдик жогорку окуу жайлардын студенттери менен алардын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү.

Мындан тышкары МАИ кызматкерлери тарабынан тез жеткирүү кызматы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 100дөн ашуун чет элдик студенттер жумуштан четтетилген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх