Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан жаап, кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал тууралуу эскертүү таратты

Гидрометеорология кызматынын маалыматына караганда, 17-апрелден 18-апрелге чейин республика боюнча нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлөт.

Буга байланыштуу, ӨКМ билдиргендей, төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында, Төө-Ашуу ашуусунда;
Бишкек-Ош унаа жолунун 222-250-чакырымында, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;
Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында;
Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында, Сөөк ашуусунда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты бекем сактоону сунуштайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх