Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаандан улам Бишкектен Шарджа жана Дубайга аба каттамдар токтотулду

Абу-Дабиге учуучу учак кармалып жатат

БАЭде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Бишкектен Шарджа жана Дубайга каттамдар токтотулуп, Абу-Дабиге учуучу учак кармалууда. Бул тууралуу МАМ аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Абу-Дабиге учактын учуп кетүү убактысы бүгүн саат 18.50гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-апрелде Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Дубайда ири магистралдарды жана жергиликтүү аэропортту суу каптаган. Коңшулаш Оманда да катуу сел жүрүп, каза болгондордун саны 18ге жетип, дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх