Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар аманаты ишке киргизилди

1-июндан тарта ар бир жетим балага банктан депозит ачылат

Садыр Жапаров жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун чыңдоо, турак-жай жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу максатында «Келечекке Салым» мамлекеттик балдар депозитин ишке киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Документке ылайык, ар бир тоголок жетим бала 18 жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес каражат алат.

Документте төмөнкүлөр каралган:

- 2024-жылдын 1-июнунан тартып тоголок жетим калган ар бир балага (Кыргызстандын жаранына жана кайрылманга) "Айыл Банк" ААКта "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити киргизилет;

- Депозиттеги каражатты 18 жашка толгондон кийин пайдалана алат жана ден соолугуна, жашоо шартын жакшыртууга же билим алууга жумшай турганын өзү чечет;

- "Келечекке салым" депозити жыл сайын республикалык бюджеттен толукталат;

- Ар бир тоголок жетим бала 18 жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес каражат алат.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх