Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек соту зордуктоо боюнча айыпталган актёр Чыңгыз Мамаевди актады

Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсү жок деп табылды

Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоо боюнча айыпталган актёр Чыңгыз Мамаевди толук актады. Маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ошентип, соттун 17-апрелдеги өкүмү менен Чыңгыз Мамаев күнөөсүз деп табылып, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн тагылган айыптар боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды, деп айтылат чечимде.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Мамаев Германиянын жаранын зордуктоого шектелип 2022-жылдын апрель айында кармалган. Бул факты боюнча «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылдын январында ал үй камагына бошотулган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх