Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүлктөрүн легалдаштырууну каалагандардын агымынан улам мамлекеттик нотариустар алты күндүк иштөөгө өтүүдө

Мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүнүн акыркы күнү 9-июнь

22-апрелден баштап мүлкүн легалдаштырууну каалагандардын агымына байланыштуу мамлекеттик нотариустар алты күндүк иштөө тартибине өтүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Иштин натыйжалуу болушу үчүн Чүй облусунун райондорунан айрым мамлекеттик нотариустар тартылары белгиленген. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин кызматкерлери консультация берүү үчүн Бирдиктүү мамлекеттик нотариалдык кеңсеге жиберилет.

Башкармалык кошумчалагандай, стандарттуу нотариалдык иш-аракеттерди жасоо (анын ичинде мураскорлук боюнча иштерди каттоо) үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрылса болот.

Эске сала кетсек, мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын 9-июнуна чейин жарактуу.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх