Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Газ кызматы 20-апрелден тарта карызы барларга газды өчүрө баштайт

Кыргызстандыктарды карызды тез арада төлөөгө чакырды

«Бишкекгаз», «Чуйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» газ кызматтары 20-апрелден тарта төлөмдөр боюнча карызы бар абоненттерге газды өчүрө баштаарын маалымдашты.

Өчүрүү дистанциялык түрдө жүргүзүлөрү белгиленген.

Газ кызматтары мажбурлоо чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну жана жаратылыш газына болгон төлөм боюнча карызды жакынкы күндөрү төлөөнү суранат.

Айдын биринчи күнүнө карата карыздын/сальдонун суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот:

1. 4444 жардам кызматы (уюлдук телефондон чалуулар акысыз);

2. www.gazprom.kg сайты;

3. электрондук капчыктар MEGAPAY, “О! Деньги», Balance.kg.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх