Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акын Элмирбек Иманалиев (каза болгондон кийин) “Эмгек баатыры” наамы менен сыйланды

Акындар арасындагы айтыштын бир нече жолку жеңүүчүсү болгон

Кыргызстандын Эл артисти, акын Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Манас” улуттук театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында туулган. Акындар арасындагы айтыштын бир нече жолку жеңүүчүсү, “Булбулум”, “Аруузатым”, “Коштошуу вальсы” жана башка чыгармалардын автору.

Акын 2020-жылы 42 жашында оорудан күтүлбөгөн жерден каза болгон.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх