Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчөт - Мэрия

1-июнга чейин ысык суу болбойт

Бишкекте 22-апрелде ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка бүгүн борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

«2024-2025-жылдарга жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук системаларын, жылуулук тармактарын сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт», - деп мэриянын билдирүүсүндө айтылды.

Муниципалитет бул иш-чаралар алдын алуу жана оңдоо иштерин жүргүзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келерин эскертти.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх