Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Курманкул Зулушев шайланды
Буга чейин Зулушев эл аралык көкбөрү ассоциациясын жетектеп келген
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.
Аталган федерациядан билдиришкендей, Рамис Жунусалиев бул уюмдун жетекчилигинен кетип, анын ордуна Эл аралык көкбөрү ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушев шайланды. Жунусалиев федерациянын вице-президенти болуп шайланды. Мындай чечимдер бүгүн кезексиз жыйында кабыл алынды.
Сүрөт Көк бөрү федерациясынан
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз