Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжолтой Тукунов социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрү үчүн кармалды

Ал массалык баш аламандыкка чакырган деп шектелүүдө

Аламүдүн районунда КР Монополияга каршы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Ал массалык баш аламандык уюштурууга чакырган деп шектелүүдө, деп билдирет Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, Тукунов Фейсбукта коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырган жана провокация кылган материалдарды тараткан.

"Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул материалдарда массалык нааразылык акцияларына, массалык баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырыктардын белгилери бар", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренеси (Массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Акжолтой Тукунов убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: БИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх