Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык он баланын жүрөгүнө Кытайда ийгиликтүү операция жасалды

Кичинекей кыргызстандыктар дарылуудан кийин үйүнө чыгарылды

Кытайда кыргызстандык он баланын жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кичинекей кыргызстандык балдар Кытайдын Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясынын ооруканасында дарыланышты.

Бул “Эне-Балага Тирек” фонду менен Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясы ооруканасынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин кызматташуусунун жана биргелешкен ишинин аркасында мүмкүн болду.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева балдарды ооруканадан чыгарууга катышып, анын жүрүшүндө Кыргызстандын биринчи айымы, «Эне-Балага Тирек» ишканасынын жетекчиси Айгүл Жапарованын атынан Хэнань провинциясынын өкмөтүнө жана оорукананын жетекчилигине кыргыз балдарына бекер операция жасапоону уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх