Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинети балдарын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди жазалоону сунуштоодо

Жыл башынан бери Кыргызстанда 8,2 миңден ашуун адам кызамык менен ооруган

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын соңуна карата республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата кызамык оорусунун 7046 учуру катталса, анын 37,5%ын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү. Республика боюнча 2023-жылы кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдү вакцинанын биринчи дозасы менен камтуу 96%ды же 138 миң баланы, экинчи дозасы менен 92,7%ды же 146325 баланы түздү.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине оорунун алдын алуу жана балдарды кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Балдарды эмдөө боюнча күч-аракеттерди максималдуу түрдө көбөйтүү, ошондой эле кызамык оорусун жуктуруп алуу учурларын болтурбоо үчүн бардык деңгээлдеги медициналык мекемелерде санитардык коопсуздук чараларын жана көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарын оор жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды бериши керек. Эмдөө боюнча мамлекеттин позициясы принципиалдуу. Ата-энелер тарабынан ден соолукка атайылап зыян келтирүүгө жол берилбейт. Балдарды кызамык жана башка оор илдеттерге каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу калк менен иш алып баруу зарыл», - деген Эдил Байсалов эмдөөнү мурдагы СССР же Европа, Америка гана эмес, дүйнөнүн бардык мамлекеттери колдоноорун кошумчалады. Вакцинация бүткүл ислам дүйнөсүндө, Сауд Арабиясында, Бириккен Араб Эмираттарында колдонулат жана балдардын ден соолугуна зыян келтирген ата-энелерге катуу жаза кароо башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх