Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Суу районунун ОЗАГСПРН адиси кармалды

Ал мамлекеттик кызматтар үчүн жарандардан акча талап кылган

Кара-Суу районунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылган Калкты каттоо башкармалыгынын аймактар аралык бөлүмүнүн адиси кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, атайын адис тарабынан Калкты каттоо башкармалыгынын аймактар аралык башкармалыгынан (Ош облусунун Кара-Суу районунун ОЗАГСПРН) системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, А.С.Р. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан туруктуу негизде акча өндүрүп алууларды жүргүзгөн.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх