Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте үч эм төрөлдү

Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумасында көз жарды

Бишкекте үч эм төрөлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөгөн.

Кош бойлуулуктун 33-жумасында кесарево жолу менен үч эркек бала төрөлгөн. Ымыркайлардын төрөлгөндө салмагы 1 кг 930 гр, 2 кг 660 гр, 2 кг 660 гр болду.

«Биринчи күнү балдар реанимация бөлүмүндө байкалды. Бүгүнкү күндө алар бөлүмдө, эрте төрөлгөн ымыркайларды эмизүүнүн экинчи этабында», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана төрөттөгү эненин абалы канааттандырарлык.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх