Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов дагы эки айга СИЗОдо калды

Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын узартуу маселеси каралды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, судья УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Матраимовдун камактагы мөөнөтүн 26-июнга чейин узартып, СИЗОдо калтырды.

Эскерте кетсек, январь айында УКМК Раим Матраимовго 169-берененин негизинде 25-мартта Бакуда кармалып, эртеси Бишкекке алып келинген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте Азербайжандын 5 жараны - УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттин жогорку кызмат адамдарына кол салуу аракетин даярдап жаткан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Атайын кызмат жалданма адамдардын Бакуда жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин да билдирген.

Райымбек Матраимовдун өзүнөн тышкары агалары Тилек, Руслан жана Исламбек дагы кармалган. Алар Ош шаарындагы СИЗОго киргизилген. Руслан менен Исламбек Матраимовдор кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) шектелүүдө. Ал эми Тилек Матраимовго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх